Окуялар

Азимбек Бекназаров эки айга камакка алынды

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров эки айга камакка алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 24-октябрдагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өтүнүчү канааттандырылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 36 жана 278-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталып жаткан Азимбек Бекназаровго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2022-жылдын 23-декабрь күнүнө чейин тандалды. Ал Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21-мекемесине камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button