Коом

Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары сыйланды

Бүгүн Мекен коргоочулардын күнүнө карата Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын аскер кызматчыларынын катышуусунда митинг өттү. Маалыматты аталган министрликтен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Руслан Мукамбетов катышып, өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аскер кызматчыларын социалдык жактан камсыздоого олуттуу көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Биз мындан ары да турак-жай менен камсыздоону, ыңгайлуу, заманбап инфратүзүмдөрү бар аскер шаарчаларын курууну, аскер кызматчыларыбыздын статусун көтөрүү жаатындагы иш-аракеттерди токтотпойбуз», — деди ал.

Иш-чаранын соңунда «Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамын сыйлоо жөнүндө» буйругу жеткирилип, Коргоо министрлигинин кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары сыйланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button