Коом

«Ата-Бейитте» курман болгон чек арачыларды эскерүүгө арналган митинг-реквием өттү

«Ата-Бейит» комплексинин аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча кызматтык-аскердик милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон чек арачы аскер кызматкерлерин эскерүүгө арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Иш-чарага Чек ара кызматынын төрагасы, чек ара органдарынын ардагерлери, офицерлер жана бөлүктөрдүн өздүк курамы катышты.

Салтанат мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон жоокерлердин жайларына гүлчамбар коюу менен башталды. Аскер кызматкерлерин эскерип куран окулуп, андан соң катышуучулар аларды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Чек ара кызматында белгилешкендей, «мамлекеттик чек ара тилкесинде аскердик милдетин акырына чейин аткарып курман болгон кызматкерлердин эрдиги Кыргызстандын тарыхына түбөлүккө жазылып, антка берилгендиктин, кайраттуулуктун, бекемдиктин жана Ата Мекенге чексиз кызмат кылуунун үлгүсү болуп саналат».

Тектеш кабарлар

Back to top button