Коом
Депутат жубайларды үйлөнөрдөн мурда медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады

Депутат Нуржамал Төрөбекова тармактык комитеттин жыйынында жубайларды үйлөнөрдөн мурда медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, бул жаштарды ар кандай инфекциялардан коргойт.
«Азыр көрүп жатасыздар го, балдарыбыз чет өлкөдөн жуктуруп келип, ата-энелери билсе да кыздарга айтпай үйлөнүп, натыйжада балага да, аялына да жугуп, оорукчан болуп жатат», — деген ал.
Депутат чет өлкөлөрдө, анын ичинде Өзбекстанда никеге турардан мурда ВИЧ менен гепатитке анализ алынарын мисал келтирген.



