Саясат
Жаңы Конституцияны колдогон 12, ага каршы үч үгүт тобу түзүлдү

Конституциянын жаңы долбоорун колдоого үндөгөн жана ага каршы үндөй турган үгүт топтору Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) расмий каттоого алынып, алардын мамлекеттик телеканалдар аркылуу эфирге чыгуу убактысы аныкталды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Баш мыйзамдын референдумга коюлуучу долбоорун колдогон 12, ал эми ага каршы үгүттөй турган үч топ болду.
25-марттан тартып алар «КТРК» жана «ЭлТР» телеканалдары аркылуу алгач өз-өзүнчө, ал эми референдумга жакындаганда дебат түрүндө үгүт жүргүзүшөт.
11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт.



