Коом

Бакыт Төрөбаев президентке ыраазычылыгын билдирди

Бакыт Төрөбаев өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Анын айтымында, акыркы төрт жыл бардык тармактардагы жандануунун жана жаңылануунун мезгили болду.

«Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичге мага көрсөткөн жогорку ишеними жана мамлекетибиздеги тарыхый өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жаткан команданын бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Чындыгында артта калган төрт жыл өлкөбүздө өнүгүүнүн, бардык тармактардагы жандануунун жана жаңылануунун мезгили болду. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич жетектеген команда менен биргеликте 1 триллион сомдук бюджетке жетип, ИДП жыл сайын туруктуу 9-10 пайыз өсүштү көрсөтүп турду«, — деп жазды.

Тектеш кабарлар

Back to top button