Дүйнө

Ким Чен Ын 13 жаштагы кызын Түндүк Кореянын өзөктүк күчтөрүнүн башчысы кылып дайындады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзүнүн 13 жаштагы кызын өлкөнүн ракеталык программасынын жетекчилигине дайындады. Бул тууралуу түштүк кореялык The Chosun Daily басылмасы өкмөттүк жана чалгын булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э «ракеталык бөлүмдүн башкы директору» милдетин аткарууда. Расмий түрдө бул кызматты Чан Чан Ха ээлегени менен, дал ушул лидердин кызы генералдардан отчетторду кабыл алып, айрым көрсөтмөлөрдү да берет.

Чалгын кызматы анын Пхеньянда өтүп жаткан Эмгек партиясынын 9-съездинин жүрүшүндө айрым саясий маселелер боюнча да өз пикирин билдиргенин белгиледи.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы 12-февралда парламенттик комитетке бул «мураскер катары дайындоонун баскычы» экенин маалымдаган. КЭДР лидеринин кызы бар экени расмий түрдө 2022-жылдын ноябрында белгилүү болгон. Ал атасын коштоп «Хвасон-17» аттуу континенттер аралык баллистикалык ракетаны учуруу мааракесине катышкан. Анын ысымы ошол учурда ачык айтылган эмес.

Ким Чен Ындын кызынын ысымын алгач америкалык мурдагы NBA оюнчусу Деннис Родман атаган. Ал 2013-жылы Түндүк Кореяга лидердин чакыруусу менен барганда кыздын аты Ким Чжу Э экенин билдирген. Бирок чалгын маалыматтары анын ысымы Ким Чжу Хэ болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button