Коом
26-февралга карата аба ырайы

Бүгүн республиканын аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы:
Чүйдө 2…7,
Таласта 1…6,
Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймактарында 5…10,
Нарын өрөөнүндө -1…-3 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 5…7,
Ош шаарында 7…9 градуска жетет.



