Маданият

Сексуалдык кулчулуктун курмандыктарынын окуяларына негизделген тасма тартылды

26-ноябрдан тарта Кыргызстанда зордук-зомбулуктун жана сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болгон үч кыздын чыныгы окуяларына негизделген «Сатылган үн» көркөм тасмасы прокатка чыгат. Бул тууралуу 25-ноябрда басма сөз жыйынында тасманын продюсери Жолдошбек Жанжигит билдирди.

Режиссер Медин Учкеевдин айтымында, сценарийди жазардын алдында ал жабыркаган кыздар менен жолугушкан жана алардын окуялары тасманы жаратууга түрткү болгон.

«Алар мындай абалга өз каалоосу менен туш болушкан эмес. Бирок башынан өткөргөндөрдөн тышкары, алар коом тарабынан айыптоого жана кодулоого кабылышат», — деди режиссер.

Продюсер Ж. Жанжигиттин айтымында, тасманын бюджети болжол менен 200 миң долларды түздү. 

Режиссер айтып бергендей, тасма 1 жыл ичинде тартылып, тартуу иштери Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Казанда өткөн. Жалпысынан 23-24 тартуу күнү болгон, бирок локациялардын алмашуусунан улам тартуу процесси 3-4 айга созулган.

Жанжигит тасманын башкы консультанты адам сатууга каршы күрөшүү маселелери менен 20 жылдан ашык убакыттан бери алектенип келген запастагы милициянын полковниги, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Марлес Жумабаев болгонун билдирди.

Тасманын жаратуучуларынын айтымында, башында тасманы 16+ курактык чектөөсү менен чыгаруу пландалган, бирок комиссиянын чечими менен ал 18+ чейин жогорулатылган.

Учурда тасманы КМШ өлкөлөрүндө жана Индияда көрсөтүүнү уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button