Коом

Соң-Көлдүн акваториясында рейддик текшерүү иштери жүргүзүлдү

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин «Соң-Көл балык чарбасы» Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын  үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жайы комплекси департаменти браконьерликке каршы күрөшүүгө,  мыйзамдарды сактоого жана көлдүн экосистемасын коргоого чакырат.

Эскерте кетсек, мындай рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз  жүргүзүлүп турат.

Тектеш кабарлар

Back to top button