Коом
5-мартка карата аба ырайы

Бүгүн туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө 6…11,
Ысык-Көл облусунда 4…9,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 7…12,
Нарын өрөөнүндө 1…6 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында 9…11 градусту түзөт.



