Коом

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 10 гектардан ашуун жерге сейил бак курулат

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 10 гектардан ашуун жерге сейил бак курулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен дарыянын жээгине рейд жүргүздү.

Анда калаа башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча маанилүү тапшырмаларды берди. Анын алкагында 7 чакырым веложол жана тротуар куруу, ошондой эле 10 гектардан ашуун аймакты көрктөндүрүп, жашылдандырып, заманбап парк жана скверлерди куруу боюнча тапшырмаларды берди.

Аталган долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button