Өзгөндөгү өрт боюнча өзгөчө кырдаалдар министри кайрылуу жасады

Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында кайгылуу өрт кырсыгы болуп, анын кесепетинен төрт бала каза болду. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов жарандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрдин айтымында, Өзгөн районундагы бул трагедия бүтүндөй коом үчүн оор сокку болду. Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
«Мындай оор жоготууну сөз менен жеңилдетүү мүмкүн эмес. Биз сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана сабыр тилейбиз», — деп айтылат кайрылууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, буга окшогон кайгылуу окуялар буга чейин да катталган. Мисалы, өткөн жылы Ош шаарындагы өрт кырсыгынан 34 жаштагы аял жана анын беш баласы каза болгон. Ошондой эле Бишкек шаарындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн эки адам көз жумган.
Министр мындай окуялар өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаган учурда кандай оор кесепеттер болорун белгиледи.
ӨКМ жарандарды электр жабдууларын колдонууда өтө этият болууга, бузулган же кооптуу электр зымдарын пайдаланбоого жана үйлөрдө өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
«Ар бирибиз үй-бүлөбүздүн жана балдарыбыздын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өз мойнубузга алышыбыз керек», — деп баса белгиледи министр.



