Коом

УКМК:  ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери «алдамчылык» фактысы боюнча кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте «алдамчылык» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  башкы башкармалыгынын, Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерин кармады. Ал 2025-жылдын август айында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүү үчүн К.Ы. жана Т.Д. аттуу жарандардан 50 000 (элүү миң) сом, жалпысынан 100 000 (жүз миң) сом акча алган. Аталган акча каражаттары патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери тарабынан берилген реквизиттерге «Мбанк» мобилдик банктык тиркемеси аркылуу өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча 2026-жылдын 4-мартында тергөө органдары тарабынан КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

КР УКМК айдоочулук күбөлүктү алуу мыйзамдуу негизде гана жүргүзүлөрүн эскертет. КР Президенти С.Н. Жапаров бул тармакта мыйзам талаптарын так сактоо жана кандай гана болбосун коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин бир нече жолу эскерткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button