Коом

Улан Ниязбеков Кореянын коопсуздук комитетинин төрагасы Ким Киенг менен жолугушту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанга келген Кореянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясынын башында турган мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Ким Киенг менен расмий жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга делегациянын курамында Кореянын Улуттук Ассамблеясынын депутаттары Канг Бьюнгвон, Ким Йонгпан, Мун Жинг Сенг, Ким Вунг, административдик бөлүмдүн жетекчиси Хван Жун Ен, Кореянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ли Вондже, Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Тэ Кен Гон жана вице-консул Бан Ки Донг катышты.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана алдыда жасала турган иштер тууралуу пикир алмашып, коомдук тартипти, эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен Корея Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын ИИМ менен Корея улуттук полиция агенттигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү акыркы жылдары жаңы практикалык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Ким Киенг эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүү тенденциясына оң баа берип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга үмүт артарын маалымдады.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, ИИМдин жетекчиси белгилегендей, министрлик Корея тарап менен кызматташууга чоң маани берет жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button