Коом

Министрлик акыркы беш жылда канча алтын казылганын жана Кумтөрдөгү запастар боюнча маалымат берди

Кыргызстанда жер казынасын иштетүүгө 2 014 лицензия берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова билдирди.

Анын айтымында, лицензиялар алтын, металл, нефть жана газ, көмүр, суу жана кен эмес материалдар сыяктуу пайдалуу кендерди иштетүүгө берилген.

Алардын ичинен:

204 лицензия алтын,
43 металл,
46 нефть жана газ,
367 көмүр,
703 суу,
651 кен эмес материалдар боюнча берилген.

Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда кен чыккан жерлерди иштетүүдөн бюджетке 217,9 млрд сом салык жана башка төлөмдөр түшкөн. Анын ичинде 2024-жылы 42,2 млрд сом, ал эми 2025-жылы 65,4 млрд сом түшүп, бул рекорддук көрсөткүч болгон.

Ошондой эле өлкөдө алтын өндүрүү көлөмү да көбөйгөн. Эгер 2020-жылга чейин жылына орто эсеп менен 15 тонна алтын казылып келсе, 2021–2025-жылдары бул көрсөткүч жылына болжол менен 26 тоннага жеткен. Беш жыл ичинде жалпысынан 141 тонна алтын өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, Кумтөрдүн таза кирешеси 2024-жылы 397,7 млн долларды, ал эми 2025-жылы 706 млн долларды түзгөн. 2021–2025-жылдары компания бюджетке 100,6 млрд сом төлөгөн.

Учурда Кумтөрдүн борбордук участогунда 147 тонна алтын, хвостохранилищеде 121 тонна алтын, ал эми 225 тонна күмүштүн запасы бар.

Тектеш кабарлар

Back to top button