Коом

Жибек Жолу проспектиндеги жаңы көпүрө ушул аптанын аягында ачылат

Жибек Жолу проспектиндеги жаңы көпүрө келе жаткан дем алышта ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн көпүрөнүн түндүк тарабы жарым-жартылай ачылмак, бирок аба ырайына байланыштуу ушул дем алыш күндөрүнө жылган.

«Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы учурда транспорт каражаттары көпүрөнүн түндүк тарабынан өтүүдө. Калган жарымын март айынын аягына чейин ачуу пландалууда. Көпүрөнүн курулушу 1-октябрда башталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button