Саясат

Депутат Кубанычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

БШКнын маалыматына караганда, мындай чечим депутаттын өз каалоосу менен берген жеке арызынын негизинде кабыл алынган.

Жыйындын жыйынтыгында Кубанычбек Конгантиевдин Жогорку Кеңештин депутаты катары ырастамасы жараксыз деп таанылды.

Эске салсак, Кубанычбек Конгантиев №21 көп мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган

Тектеш кабарлар

Back to top button