Коом

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу май кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, Россиядан чыккан дүң баа 17-19 пайызга өсүп кеткен. Эшатов абал өзгөрбөсө, баа улам жогорулай берерин кошумчалады.

“Күйүүчү майдын баасы бир күндө эле өзгөрбөйт. Компаниялар майдын көлөмүн бир күндө ташып келе албайт да. Ар бир компаниянын өзүнүн кору бар. Мисалы, бир айлык же эки айлык. Белгилүү бир көлөмдү алып келгенде, компания бул жактагы кору менен орточо бааны чыгарат. Ошондо бир жумада 30 тыйын, кийинки жумада 40 тыйынга кымбаттап отуруп, мындай абал үзгүлтүксүз кете берсе, кайсы бир убакыттын ичинде, баа 2,5-3 сомго чейин кымбаттайт”, — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button