Коом

МИК августта «Мурас» турак жай комплексиндеги миңден ашуун батирди тапшырат

Мамлекеттик ипотекалык компания август айында Бишкектеги «Мурас» турак жай комплексинин үчүнчү этабынын алкагында жарандарга миңден ашуун батирди тапшырууну пландап жатат.

Компаниянын маалыматына ылайык, батирлерди өткөрүп берүүнүн төртүнчү этабы декабрь айында жыйынтыкталат. Жалпысынан «Мурас» турак жай комплекси 4 754 батирден турат.

Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компания 2027-жылы Бишкек шаарында дагы болжол менен 6 300 батирди пайдаланууга берүүнү пландап, жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу программасын улантат.

Тектеш кабарлар

Back to top button