Тагдыр. Кызымды атасы жок деп аяп өстүрүп эми азабын тартып жатам

25 жашымда жолдошум менен эки жолго түштүк. Ошол күнү жашоом экиге бөлүнгөндөй сезилген. Бир жагында – ойрону чыккан үй-бүлөм, экинчи жагында – колумдагы кичинекей кызым. Ошол күндөн тартып өзүм үчүн эмес, кызым үчүн жашай баштадым.
Жаштыгым өтүп жатты. Көптөр «турмушка кайра чык», «жашооңду жаңыдан башта» дешти. Бирок мен ар бир жолу кызымды ойлодум. «Өгөй атага кор болуп калбасын, эч нерседен кем болбосун» деп, бактымды да, аялдык кыялдарымды да четке сүрдүм. Бардык күчүмдү, сүйүүмдү, мээримимди жалгыз кызыма арнадым.
Атасы жок деп бир да жолу көңүлүн ооруткум келген жок. Каалаганын алып берүүгө, көңүлүн көтөрүүгө, башкалардан кем кылбоого аракет кылдым. Ал күлсө мен сүйүнчүмүн, ал ыйласа жүрөгүм тилинчү. Өзүм жебей ага жедирген, өзүм кийбей ага кийгизген күндөрүм көп болду. Ооруп калганда түнү менен уктабай жанында отурган, кубанганда дүйнөнү унуткан энелердин бири мен элем.
Бүгүн болсо жашым элүүгө таяп калды. Кызым 23 жашта. Бирок экөөбүздүн мамилебиз мен кыялдангандай болгон жок. Кээде бири-бирибизди түшүнбөй, жөнөкөй сөздөн чоң уруш чыгып кетет. Мен айткан кеп ага жакпайт, ал эми анын сөздөрү менин жүрөгүмө катуу тиет. Кээде экөөбүз эне менен кыз эмес, бири-бирине атаандаш адамдардай болуп калгандай сезилет.
Ошондо өзүмө кайра-кайра суроо берем: «Кайсы жерден жаңылдым? Кайсы тарбиям кем болду?» Балким, атасыз чоңоюп жатат деп ашыкча аяп, ашыкча эркелетип жибердимби? Же болбосо «жок» деп айтууга жүрөгүм чыдабай, өзүм эле бардык түйшүктү көтөрүп көндүрүп салдымбы? Ушул суроолордун жообун ушул күнгө чейин таба албай келем.
Бирок бир нерсени так билем. Мен колумдан келгендин баарын кылдым. Энелик милдетимди сүйүү менен аткардым. Кызым үчүн жаштыгымды, бактымды, жеке жашоомду курмандыкка чалганыма эч качан өкүнбөйм. Болгону бүгүн ошол эмгегимдин ордуна бир аз түшүнүү, бир аз жылуу сөз, бир аз сый көрсөм экен деп гана тилейм.
Балким азыр ал жаш, жашоонун оош кыйышын, ачуу азабын көрө элек. Бир күнү өзү да эне болгондо, менин уйкусуз түндөрүмдү, көз жашымды, жүрөгүмдөгү коркунучтарды, ага болгон чексиз сүйүүмдү түшүнөр
Эненин жүрөгү эч качан таарынбайт дешет. Чынында таарынат. Бирок ошол таарынычтын үстүнөн дагы эле баласына болгон сүйүү жеңет. Мен бүгүн да кызым үчүн дуба кылам. Анткени эненин жүрөгү канча жараланбасын, баласына болгон мээрими эч качан азайбайт.
Тагдыр мага оор сыноолорду берди. Бирок ошол сыноолордун эң чоң белеги – кызым болду. Ошондуктан жүрөгүмдө дагы эле үмүт бар. Бир күнү кызым мени түшүнөт, тилинген жүрөгүмдүн жарааттын дарылайт чыгар. Ошол күнү мен жанында болсом жакшы…


