Коом
Эскертүү! 26-27-июлда сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 26–27-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүү коркунучу бар.
Буга байланыштуу жарандарга жана тиешелүү кызматтарга сак болуу, кооптуу аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды.



