ШКУнун Тышкы иштер министрлери Чолпон-Атада бир катар документтерге кол коюшту

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйынан кийин бир нече чечимдерге кол коюлду.
Алар:
-Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинин долбоору жана «ШКУ плюс» форматындагы жолугушуунун негизги темалары жөнүндө;
-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында кол коюла турган документтердин тизмесинин долбоору жөнүндө;
-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын документ долбоорлору жөнүндө;
-2026-2027-жылдары Пакистандын Лахор шаарына «Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору» макамын берүү талапкерлиги жөнүндө;
-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы өз ара иштешүү планы жөнүндө;
-Шанхай кызматташтык уюмунун Ардак грамотасы жөнүндөгү жобого толуктоо киргизүү тууралуу;
-Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Катчылыктын былтыркы ишмердүүлүгү тууралуу отчету жөнүндө.
Мындан сырткары ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин билдирүүсү кабыл алынды.



