Майыптыгы бар жарандар үчүн мамлекеттик кызматка кирүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттары «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Демилгечиси — депутат Дастан Бекешев.
Документке ылайык, майыптыгы бар Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурстан тышкары тартипте кабыл алуу укугун берүү сунушталууда. Бул үчүн алар белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берип, жеке арыз менен кайрылышы керек.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине майыптыгы бар адамдарды жумушка алуу боюнча квота нормаларын сактоо милдетин киргизет.
Аларды майыптыгы бар жарандар үчүн түзүлгөн кадрдык резервден бош кызмат орундарына дайындоо сунушталууда. Эгер резервде мындай талапкерлер жок болсо, анда дайындоо мыйзамда каралган жалпы тартипте жүргүзүлөт.



