Коом

«Айыл Банк» эми «АБанк» деп аталышын өзгөртөт

Улуттук банк «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун лицензияларын алмаштырды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, лицензияларды алмаштырууга банктын фирмалык аталышынын өзгөргөндүгү себеп болгон.

Ошентип, 2026-жылдын 12-мартынан тарта банктын жаңы аталышы төмөнкүдөй бекитилди:

  • мамлекеттик тилде: «АБанк» ачык акционердик коому («АБанк» ААК);
  • расмий тилде: Открытое акционерное общество «АБанк» (ОАО «АБанк»);
  • англис тилинде: The open joint-stock company ABank (OJSC ABank).

Буга чейинки берилген лицензиялар банктын аталышы жаңылангандыгына байланыштуу кайра жол-жоболоштурулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button