Окуялар

Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калган ӨКМ кызматкерлери сыйланды

Куткаруу ишинде эрдик көрсөтүп, өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калгандыгы үчүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучу, улук сержант А.Эсенгул уулу “Каарман” медалы менен сыйланды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле нөөмөтчү, прапорщик К.Рысбеков жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу, сержант И.Иманалиев “Ардак грамоталары” менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрь күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган жеринен ӨКМдин Токмок шаардык №21 ӨККБнын куткаруучулары сактап калышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button