Коом
ИИМ “Кыргызнефтегаздын” кирешесин ири көлөмдө кымыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бул тууралуу Sputnik агенттиги ишенимдүү маалымат булагына таянуу менен кабарлады.
Маалыматта ишти ИИМдин башкы тергөө башкармасы карап жатканы, айрым маалыматтар боюнча, Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев суракка чакырылышы мүмкүн экендиги айтылат.
Эске салсак, кечээ “Кыргызнефтегаздын” 2021-жылдан берки кирешеси Ташиевдердин жакын чөйрөсүнүн колунда калганы тууралуу маалымат тараган. Салык кызматы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер аныкталганын кабарлап, ага Ташиевдер кланынын тиешеси болгонун билдирген.
Салык кызматына караштуу мамлекеттик мекеме видео даярдап, каражатты чыгарган схемаларды ачыктап берген.



