УКМК: «Эко-Мир» коомдук бирикмесинин мүчөсү системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Тиричилик чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө жарандык активист- «Эко-Мир» коомдук бирикмесинин мүчөсү М.Н. жогорку инстанцияларга арыз берүү менен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин коркутуп, текшерүүлөрдү токтотуу үчүн алардан акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө М.Н. укук коргоо органдары тарабынан кармалбоо максатында бир нече мобилдик капчыктар («О!Деньги» жана «МБанк») аркылуу опузалап талап кылынган каражаттарды алуу схемасын уюштургандыгы такталды.
2025-жылдын 13-мартында М.Н. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкеринен 52 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен кармалган КР жараны М.Н. Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
КР УКМК белгилейт, эгерде кимде-ким КР жараны М.Н.нын аракетинен жапа чеккен болсо, КР УКМКнын (0312) 66-04-75, 62-65-04 ишеним телефонуна кайрылууну сунуштайбыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.





