Коом

1-апрелден баштап Ош — Ташкент — Ош багыты боюнча туруктуу каттам ачылат

1-апрелден баштап Centrum Air авиакомпаниясы Ош — Ташкент — Ош багыты боюнча туруктуу каттамдарды ачат. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү — Airbus A320 учактары менен аткарылат. Учуу убактысы болжол менен 1 саат 10 мүнөт.

Билеттердин эң төмөнкү баасы эки тарапка (багажсыз) 1,5 млн сумдан башталат (болжол менен 10 850 сом же $124). Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана башка сатуу каналдары аркылуу сатып алууга болот.

Учуу графиги Ташкент шаарында ыңгайлуу туташуу каттамдарын эске алуу менен түзүлгөн.

Бул Оштон учкан жүргүнчүлөргө башка багыттарга улантып учууга мүмкүнчүлүк берет.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК белгилегендей, жаңы каттам туризмди жана бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

Centrum Air — 2023-жылы негизделген Өзбекстандын жеке авиакомпаниясы. Ал ички жана эл аралык каттамдарды аткарып, Борбор Азия жана андан тышкаркы багыттар боюнча маршруттарын кеңейтүүдө. Анын паркында Airbus A320 жана Airbus A321 учактары бар.

Тектеш кабарлар

Back to top button