Экономика министри: Президенттин «баарыбыз бирдейбиз, эч ким артта калбашы керек» ураанынын негизинде иштөөдөбүз

КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Биринчи радиого» берген маегинде кыргыз экономикасында жасалып жаткан иштерге токтолду.
«31-августта өлкөдө 100 ишкана ишке берилди, бул экономика чоң жардам болду. Бизде азыр өндүрүш тармагы, курулуш тармагы жана өздүк капиталга салынган инвестиция өтө тездик менен өсүп жатат. Бюджеттин киреше бөлүгү дагы 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өсүүлө. 2024-жылды бюджеттин киреше бөлүгүн 660 миллиард доллар менен жабабыз деген планыбыз бар. Президентибиздин да, МинКаб төрагасынын да максаты — 2026-27-жылдарга бюджетти бир триллионго жеткирүү. Бул элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга багытталган жана бул жаатта рейтингди бир топ көтөрдүк. Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулду бир берип, социалдык контракт ишке ашырылды», — деди министр.
Ал белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун «баарыбыз бирдейбиз, эч ким артта калбашы керек» деген урааны бар жана анын негизинде иштер жасалып жатат. Бул деген ар бир жарандын бакыбат жашоосу үчүн мамлекет аракеттенүүсү керек дегенди билдирет.
«Анын негизинде бюджеттин чыгаша бөлүктөрү тең бөлүштүрүлдү жана келечек муунду тарбиялоого басым жасалууда. Эң негизгиси бала бакча, мектеп, саламаттыкты сактоо системасында реалдуу иштер жүрүп жатат жана бул башкы багыт», — деди Амангелдиев.



