Окуялар

Чек арачылар Тажикстанга малды мыйзамсыз алып чыгуу аракеттерин токтотушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып чыгууга бир нече аракеттердин бети ачылды. Жалпысынан 41 баш мал кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Лейлек районунда чек арачылар Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын ичинде ветеринардык жана коштоочу документтери жок 12 баш ири мүйүздүү мал болгон. Унааны Кыргызстандын эки жараны башкарып бара жаткан.

Дагы 12 ээси жок мал Баткен районунда табылган — алар чек арадан өткөрүү пункттарынан тышкары алып өтүүгө даярдалып жаткан.

Интернационал аймагында 14 баш малды расмий өткөрүү пункттарын айланып өтүп айдап өтүүгө аракет кылган эркек киши кармалган.

Сада аймагында Муравей жүк ташуучу мотороллери менен бир буканын алып чыгуу аракети токтотулуп, эки жаран кармалган.

Мындан тышкары, чек арачылар дагы эки малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган үч адамды аныкташкан. Кармоо учурунда алар коңшу мамлекеттин аймагына качып кетип, малды таштап кетишкен.

Бардык кармалгандар Чек ара кызматынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул фактылар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button