Коом

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы жана орун басары кызматтан алынды

ИИМде өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен министрликтин буйругу чыкты. Ал буйрукта Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүктөрү, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп Жалал- Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факт боюнча видеотасмалар интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, милиция кызматкерлеринин абройуна шек келтиргендиктери үчүн Жалал Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Абитов жана анын орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле ушул буйрук менен Жалал-ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалар берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button