«Буффет» ашканасында болгон массалык уулануу боюнча жыйынтык жарыяланды

Бишкектеги «Буффет» ашканасында болгон массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, үч бейтаптан Salmonella enteritidis табылып, аларга «сальмонеллёз» диагнозу коюлган.
11 адамга шарттуу-патогендик микроорганизмдерге ( Staphylococcus aureus, Citrobacter diversus ж.б.) байланышкан тамак-аштык токсикоинфекция диагнозу коюлган. Дагы жети бейтапта себептери такталбаган тамак-аштык токсикоинфекция аныкталган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында картошка пюреси менен тоок котлетинен ичеги таякчалары тобуна кирген бактериялар табылган. Ал эми жабдуулардан жана жууп-тазалоо каражаттарында мындай бактериялар аныкталган эмес.
17-мартта объект кайрадан текшерилип, дезинфекция иштери жүргүзүлгөн. Анын ичинде жабдуулар тазаланып, кайрадан үлгүлөр алынган. Кайра текшерүүнүн жыйынтыгында продукция техникалык регламенттин «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» талаптарына жооп берип, ичеги таякчалары табылган эмес.
Санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн эки протокол түзүлүп, жалпы суммасы 46 миң сом айып пул салынган.
Окуянын негизги себептери катары тамак-аш даярдоо технологиясынын бузулушу, сактоо жана сатуу шарттарынын сакталбашы, экинчи микробдук булгануу жана кызматкерлердин жеке гигиена эрежелерин сактабагандыгы көрсөтүлгөн.
Учурда кырдаал көзөмөлдө, кошумча санитардык коопсуздук чаралары көрүлдү.
Эске салсак, аталган ашканада тамактангандан кийин 22 адам медициналык жардамга кайрылган. Байтик Баатыр көчөсү, 18 дарегинде жайгашкан объект текшерүү маалында убактылуу жабылган.



