Коом

Патент кайтарылганына байланыштуу салыктан 600-700 млн. сом түшпөй калат

Патент системасына кайтууга байланыштуу 600-700 миллион сомдой салыктык жоготуу болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берген.

«Мамлекетте эки жол бар. Биринчиси — акчанын артынан кубалап шартты катаалдатуу же салык аз чогулганына карабай жеңилдик берүү. Экинчисинде чакан жана орто бизнеске көмүскөдөн чыгууга мүмкүндүк түзүлөт. Натыйжада салыктык жоготуулар болгону менен кийин кайра толукталат. Учурда болжол менен 600-700 миллион сомдун тегерегинде салык түшпөй калат деп турабыз. Бирок эки-үч айдын ичинде көмүскөдөн чыккандардын эсебинен кайра көбөйөт», — деди ал.

Мындан тышкары, Шыкмаматов транспорт салыгы жокко чыгарылганынан улам жергиликтүү бюджетке түшпөй калган 1,4 миллиард сомду Финансы министрлиги компенсациялай турганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button