“Манас” аэропортунда туман учурунда да учуп конууга мүмкүндүк берүүчү CAT III системасы иштөөдө

“Манас” эл аралык аэропортунда көрүүнүн өтө төмөн шарттарында учууга мүмкүндүк берүүчү CAT III прибордук конуу системасы ийгиликтүү иштеп жатат. «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов белгилегендей, бул системанын ишке ашырылышы өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын басма сөз кызматы билдиргендей, CAT III системасы аба кемелерин бир нече ондогон метрге чейин гана көрүнүү болгон шартта да кондурууга мүмкүндүк берет.
Бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде актуалдуу, анткени буга чейин тумандуу жагымсыз аба ырайы каттамдардын кечигишине, токтотулушуна жана учактардын башка аэродромдорго бурулушуна себеп болуп келген.
Мурда көрүнүү белгиленген чектен төмөндөп кеткенде, учкучтар экинчи айлампага кетүүгө же каттамдарды башка багытка өзгөртүүгө аргасыз болушчу. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратып, авиакомпаниялардын чыгымдарын көбөйтүп, каттамдардын тактыгын төмөндөтчү.
Бүгүнкү күндө CAT III системасынын киргизилиши менен аэропорт татаал метео шарттарда да учактарды кабыл алып жана учуруп, авиациялык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууда.
Манасбек Самидинов белгилегендей, бул — инфраструктураны модернизациялоо, алдыңкы технологияларды киргизүү жана аэропортту эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча жүргүзүлгөн ырааттуу иштердин жыйынтыгы.



