Коом

УКМК псевдохристиандык сектанын мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүн аныктады — ВИДЕО

«Иеговист-Ильинчилер» («Десное бир туугандык») псевдохристиандык сектасынын мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК тарабынан диний экстремизмге  каршы аракеттенүүнүн алкагында 2026-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» («Десное бир туугандык») сектасынын 7 адамдан турган уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдар тарабынан соттун чечими менен тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» («Десное бир туугандык») идеологиясын жайылтуу фактылары боюнча далилдер алынган.

Кармалган адамдардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында идеологиялык мазмундагы көп сандагы адабияттар, байланыш каражаттары, маалыматтарды берүүчү түзүлүштөр, экстремисттик материалдарды таратуу жана жөнөтүү каражаттары жана башка буюмдар табылып, алынган

Учурда кармалган адамдарга карата тергөө иштери улантылууда.

КР  УКМК жарандарды экстремисттик ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө эскертет. Ошондой эле өлкө тургундарын динди үйрөнүүдө диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө расмий уруксат берүүчү документтери бар окуу жайларында гана билим алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button