Саясат
БШК 20-ноябрда төрт аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-ноябрда жергиликтүү кеңештердин бир катар депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Сузак, Токтогул, Түп жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлерди тизмелерден чыгаруу жана бош мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдери бекитилди:
- Сузак районунун Кара-Дарыя айыл кеңешинин депутаты Абдуганиева Элмира Турдалиевнанын ыйгарым укуктары берилген арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Маткулова Букалийпа Жапаровнага өттү;
- Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Жаныбаева Айнура Омушевнанын («Ынтымак» депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берилген арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Осмонкулова Жамила Токтосуновнага («Ынтымак» саясий партиясынан) өттү;
- Түп районунун Каркыра айыл кеңешинин депутаты Кусеинов Марат Жумаевичтин ыйгарым укуктары берилген арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Тыналиев Искак Жакыповичке өттү;
- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл кеңешинин депутаты Мамытов Жаңыбай Оморовичтин ыйгарым укуктары берилген арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Жумалиев Мирбек Макеновичке өттү



