КРСУнун Кашка-Суу айылына курула турган жаңы кампусунун долбоору талкууланды

Россиянын Федерация кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин делегациясы Кыргыз-Россия Славян университетине (КРСУ) барды.
Жолугушууда Кашка-Суу айылына университеттин жаңы кампусун куруу, жатаканаларды көбөйтүү жана студенттер үчүн шарттарды жакшыртуу маселелери талкууланды.

Делегацияны комитеттин төрайымы Лилия Гумерова жетектеп келген. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты.

Университеттин ректору Сергей Волков конокторго окуу жайдын өнүгүшү, инфраструктураны жаңылоо жана билим берүү программалары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, студенттердин саны 7,8 миңден 12,2 миңге чейин өскөн.

«Кашка-Суудагы жаңы кампустун долбоорунда окуу жана илимий борборлор, спорттук жайлар, ошондой эле студенттер жашай турган имараттар каралган. Айрыкча студенттердин саны көбөйгөнүнө байланыштуу жатаканаларга болгон муктаждык талкууланды. Мындан тышкары, университетке жеке инвесторлордун каражатын тартуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды. Ошондой эле окуу жайдын Россиядагы илимий, билим берүү жана жаштар программаларына катышуусун кеңейтүү сунушталды», — деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда үй-бүлөлүү студенттерди колдоо маселеси да көтөрүлүп, университетте эне жана бала бөлмөсүн уюштуруу иштери жүрүп жатканы айтылды.



