Коом

Кыргызстан Европа кеңешинин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча комитетинде байкоочу болду

Кыргызстан Европа кеңешинин жеке маалыматтарды иштетүүдө жеке жактарды коргоо жөнүндөгү № 108 конвенциясынын комитетинде байкоочу макамын алды.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, чечим 19-ноябрда Страсбургда комитеттин 51-пленардык сессиясында кабыл алынды.

Сессияга агенттиктин делегациясы катышты, аны агенттиктин директорунун орун басары Кылым Мадалбеков жетектеди.

Агенттикте бул макам чет өлкөлүк ыйгарым укуктуу органдар менен кесиптик диалогго катышууга, тажрыйба алмашууга жана жеке маалыматтарды иштетүүнү жөнгө салуу тажрыйбаларын үйрөнүүгө мүмкүндүк берерин айтышты. Ведомствонун пикиринде, бул ошондой эле улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана агенттиктин потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.

№ 108 конвенция 1981-жылы кабыл алынган. Бул жеке маалыматтарды коргоонун жалпы принциптерин белгилеген биринчи эл аралык юридикалык документ.

Тектеш кабарлар

Back to top button