Саясат
Адылбек Касымалиев иш сапары менен Азербайжанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.
Ошондой эле ал кесиптештери менен биргеликте Ильхам Алиев менен жолугат.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу да күтүлүүдө.



