Коом
Бишкекте 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылууда

Бишкектеги 38 мектепте 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ата-энелер эртең, 30-май, саат 9:00дөн тарта балдарын мектепке каттата алат.
Кошумча орундар ошондой эле аймактардагы билим берүү мекемелеринде дагы ачылат. Алардын тизмесин бул жерден көрсөңүз болот.



