Коом

Улуттук банк бир катар каржы уюмдарына айып пул салып, лицензияларын чекте

Өткөн жумадагы текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук банкы каржы рыногунун бир катар катышуучуларына айып пул салып, бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотуп, бир микрокредиттик компаниянын каттоо күбөлүгүн кайтарып алды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкектеги бир төлөм уюмуна, Ысык-Көл облусундагы бир микрокредиттик агенттикке жана Ош облусундагы эки акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды.

Ошондой эле Бишкекте чет элдик накталай валютаны лицензиясыз алмаштырган эки жаранга ар бири 17 миң 500 сомдон айып пул дайындалды.

Мындан тышкары, «Баракат Финанс» ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы 2026-жылдын 27-июнунан 11-июлуна чейин убактылуу токтотулду. Алмашуу жайы Ош шаарындагы Алымбек Датка көчөсү, 428 дарегинде жайгашкан.

Ошондой эле Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-июнунан тартып Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Бай-Эл Кредит» ЖЧК микрокредиттик компаниясынын эсептик каттоо күбөлүгү жокко чыгарылды. Компания Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү, 242 дарегинде катталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button