Коом

Президент Садыр Жапаров Лейлекте кырсыктаган жоокердин абалын өз көзөмөлүнө алды

Президент Садыр Жапаров кырсыктан жабыркап, абалы оор болуп жаткан аскер кызматкеринин абалын жеке көзөмөлүнө алды.

Буга чейин комада жаткан жоокердин апасы мамлекет башчысына кайрылып, уулунун тагдырына көңүл бурууну өтүнгөн.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, саламаттык сактоо министрине шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Анын ичинде аскер кызматкерин Бишкекке же зарыл болсо чет өлкөгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү да каралууда. Ошондой эле ал жабыркаган жоокердин апасы Бактыгүл Ажиматова менен байланышканын билдирди.

Эске салсак, 2004-жылы туулган аскер кызматкери Данияр Нурбеков Лейлек районунда кызмат өтөп жүрүп, «УАЗ-Пикап» үлгүсүндөгү кызматтык унаасынан кулап, жаракат алган.

Тектеш кабарлар

Back to top button