Мэр Айбек Джунушалиев канча маяна аларын ачыктады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жергиликтүү телеканалдын биринде маек берип өзүнүн айлыгы тууралуу маалымат жашыруун эмес экенин билдирди.
Маектешүү учурунда ал кызматтык айлыгы 96 миң сомду түзөрүн, ал эми кошумча төлөмдөрдү эске алганда айына болжол менен 100 миң сомго жетерин айтты. Айбек Джунушалиевдин айтымында, ал мамлекеттен өзгөчө артыкчылыктарга ээ эмес.
Шаар башчысы мурда мамлекеттик кызматкерлер үчүн кошумча бонустар жана жеңилдиктер болушу мүмкүн экенин, бирок азыр мындай артыкчылыктар дээрлик жок болуп, баары тең шартта иштеп жатканын белгиледи.
Ошондой эле Айбек Джунушалиев жакында операция болуп, шаардык ооруканалардын биринде дарыланганын айтты. Ал кызмат көрсөтүүнүн сапатын жеке баалоо жана саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн атайын кадимки медициналык мекемени тандаганын белгиледи.



