Коом

Бишкек мэриясы борбор калаага кирген унаалардан каражат чогултууну сунуштады

Токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.

Айдоочулар канча төлөшү керек:

▪️ сегизге жетпеген орундуу унаалар 50 сом (башка шаарда катталган) жана 200 сом (чет элдик) төлөшөт

▪️ сегизден ашык орундуу, бирок салмагы беш тоннадан ашпаган унаалар — 100/1000 сом

▪️ салмагы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу унаалар жана тракторлор — 100/1000 сом 

▪️ сегизден ашык орундуу жана беш тоннадан ашык салмактагы транспорт каражаттары — 150/1500 сом

▪️ жүк ташуучу унаалар, тракторлор, комбайндар салмагына жана категорияларына жараша — 150/1500 сомдон 300/5000 сомго чейин 

Айдоочулар алдын ала 100 миң сом төлөсө, анда 30%дык жеңилдик каралган. 

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүп жаткан аймактарга жүк ташыган унаалар, дипломаттар, консулдуктар, эл аралык уюмдар, атайын унаалар (патрулдук, тез жардам, өрт өчүрүү кызматы ж.б.) төлөмдөрдөн бошотулат.

Долбоор бекитилсе, борбордун кире беришинде каражат чогултуу пунктулары уюштурулат. 

Эгер каттооңуз Бишкекте болгону менен атыңыздагы унаанын номери башка шаардыкы болсо, анда сизге кайра каттоого 10 күн убакыт берилет. 

Буга чейин мэрия мамлекеттик номердин акыркы сандарына жараша белгилүү күндөрү унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button