Окуялар

Бишкекте курулуш тармагында иштеген 71 чет өлкөлүк жаран кармалып, аларга 600 миң сомдон ашык айып пул салынды

Бишкекте «Нелегал» операциясынын алкагында 20дан ашык курулуш объектиси текшерилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында милицияга 71 чет өлкөлүк жаран жеткирилген.

Алардын ичинен 64 адамга миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынгандан кийин бошотулган. Ал эми Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтери жок 7 чет өлкөлүк жаран чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

64 протокол боюнча салынган айып пулдардын жалпы суммасы 600 миң сомдон ашкан.

Мындан тышкары, иш берүүчүлөргө карата 2 протокол түзүлүп, аларга жалпы 130 миң сом айып пул салынган.

Тектеш кабарлар

Back to top button