Коом

Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 90% аяктады

Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 90% аяктады. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

“Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын жана колдоосунунун негизинде Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулуш иштери 90% аяктады.  Аталган объекттин курулушу 2025-жылдын күз мезгилинде мамлекет башчыбыздан мезгил кутусун салуу менен башталган. “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маданий, эс алуу жана экономикалык борборлорунун бирине айланат”, деди Джумаев.

Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, боулинг, коомдук тамактануу жайлары, лабиринттер, ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү борборлору курулууда. Мындан тышкары, борбордо конокторду кыргыз тилинде тейлей турган робот-гиддерди ишке киргизүү пландалууда.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.

Эс алуу жайы ушул жылдын 11-12-сентябрында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөөдө мамлекет башчыбыздын катышуусунда расмий ачылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button