Коом

Кыргызстанда 5,5 жылда 1,2 триллион сомдон ашык салык түштү

Кыргызстанда 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин мамлекеттик бюджетке 1,2 триллион сомдон ашык салык түшкөн. Бул көрсөткүч 1991–2020-жылдар аралыгындагы салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмүнөн да жогору. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салыктык түшүүлөрдүн көлөмү төмөнкүдөй болгон:

2021-жылы — 105,7 млрд сом;

2022-жылы — 156,3 млрд сом;

2023-жылы — 185 млрд сом;

2024-жылы — 228,2 млрд сом;

2025-жылы — 308,4 млрд сом;

2026-жылдын 7 айында — 228,8 млрд сом.

Ал эми 1991-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине жалпысынан 724 млрд сом салык түшкөн.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, мындай көрсөткүчтөр салыктык башкаруу тармагындагы реформалардын натыйжалуулугун көрсөтөт. Анын ичинде бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана көмүскө экономикада иштеп келген субъекттердин ишмердигин мыйзамдаштыруу да маанилүү роль ойногон.

Тектеш кабарлар

Back to top button