Коом

ИИМ жарандарды темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды, өзгөчө жашы жете электерди, темир жолдогу коопсуздук талаптарын сактоого жана коомдук тартипти бузган мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, акыркы убакта темир жолдун айрым тилкелеринде жүрүп бара жаткан жүргүнчү поезддерине таш жана башка катуу буюмдарды ыргытуу жөнөкөй оюн же тентектик эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жараткан кооптуу укук бузуу болуп саналат.

Ички иштер органдары темир жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Жашы жете электер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы эскертилүүдө.

Жүрүп бара жаткан поездге таш ыргытуу төмөнкүдөй кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

жүргүнчүлөрдүн жана темир жол кызматкерлеринин жаракат алышына;

поезддин терезелеринин жана башка бөлүктөрүнүн бузулушуна;

поезддердин кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаралышына;

адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян келтирилишине.

Мындай аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жоопкерчилик каралган.

ИИМ ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө кайрылып:

«Балдарыңыздардын коопсуздугуна кайдыгер карабаңыздар. Өспүрүмдөргө темир жолдогу жүрүм-турум эрежелерин, жүрүп бара жаткан поезддерге жакындабоо жана аларга таш же башка буюмдарды ыргытпоо зарылдыгын түшүндүрүңүздөр», — деп билдирди.

Мыйзамсыз аракеттердин фактысы аныкталган учурда дароо укук коргоо органдарына билдирүү өтүнүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button