Коом

Кыргыз эл артисти Акан Нуртазин бир жылга соттолуп, мунапыс менен бошотулду

Кыргызстан эл артисти Акан Нуртазин 1 жылга соттолуп, мунапыс менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Нуртазин «бейбаштык» беренеси менен айыпталып, күнөөлүү деп табылган. Сот аны 1 жылга эркинен ажыраткан. Өкүм 15-августта чыккан.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын декларациясынын 75 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын негизинде Акан Нуртазин эркиндигинен ажыртуу жазасынан бошотулган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, 2023-жылы 15-майда Акан Нуртазин балет окуу жайынын студентин сабап салып, анын мээси чайкалган. Анын айынан студент сынактарды тапшыра албай калып, окуудан чыгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button